Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Москва районундагы ипподромдун жери мамлекетке кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Москва райондук прокуратурасы жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында 28 гектардан ашуун аянтты ээлеген ипподромдун жери мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 11-апрелде маалымдады.

Аталган райондун прокуратурасы Биринчи май айыл өкмөтүнүн жер колдонууга байланыштуу ишмердигин текшерүү учурунда ипподромдун жери менчик тарапка мыйзамсыз берилип кеткенин ачыктаган.

"Текшерүү учурунда кыргыз өкмөтүнүн "2001-2003-жылдардагы менчиктештирүү долбоорун ишке ашыруу программасы" тууралуу 2001-жылдагы токтомунун негизинде 2002-жылы Айыл чарба министрлигинин Жер жана агрардык реформа борбору менен "А-Б-А-С" ачык акционердик коомунун ортосунда алып-сатуу келишими түзүлгөнү аныкталды.

Бул келишимдин шартына ылайык, 2005-жылы жалпы суммасы 154 млн. сомдук 28,02 гектар жер тилкеси (ипподромдун жери) "А-Б-А-С" ААКынын менчигине мыйзамсыз берилип кеткени билинди. Москва райондук прокуратурасынын доо арызын райондук сот канааттандырып, ипподромдун жери мамлекеттин карамагына кайтарылды", - деп билдирет Башкы прокуратура.

Быйыл февраль айында Башкы прокуратура Ош, Ысык-Көл облустарында мыйзамсыз менчикке өткөн муниципиалдык жер тилкелерин кайтарган.

Ош шаарында 1644 чарчы метр, Ысык-Көлдө курорттук-рекреациялык аймактагы 4,62 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылган.

Ош шаарынын мэриясынын 2002-2004-жылдардагы токтомдору менен 1644 чарчы метр жер тилкелери менчикке мыйзамсыз берилген.

Бул боюнча шаардык прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкелердин укук берүүчү иш кагаздары жараксыз деп табылды. 18 млн. 700 миң сомго бааланган жер тилкелери шаардын менчигине кайтарылган.

Ысык-Көл райондук прокуратурасы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чок-Тал жана Өрнөк айылдарынын ортосунда 4,62 гектар аянттагы жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтарган. (BCh)

XS
SM
MD
LG