Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Базар-Коргондо 14 жаштагы өспүрүмдү издөө уланууда


Өспүрүмдү тоо-таш, талаа-түздөн издөө иштери. Сүрөт ӨКМден алынды.
Өспүрүмдү тоо-таш, талаа-түздөн издөө иштери. Сүрөт ӨКМден алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Ак-Булак айылында 14 жаштагы өспүрүмдү издөө уланып жатканын билдирди.

Куткаруучулар аны тогуз күндөн бери издеп жатышат. Издөө ишине 11 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар көмөк көрсөтүүдө.

ӨКМдин маалыматына караганда, 112 кызматына 2009-жылы туулган М.Ф жоголгону тууралуу маалымат түшкөн жана издөө 1-апрелде башталган.

Өспүрүм жоголгон алгачкы күндөн тартып тоо-таш, талаа-түздөн издөө иштери жүргөн. Мекеме өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз кеткенин билдирип, анын кандай жагдайда жоголгонун тактаган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG