Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Шайлоого байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, коомдук коопсуздукту сактоо, укук тартибин камсыздоо үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

"Учурда шайлоо тилкелеринде милиция кызматкерлери бекитилди. Шайлоо күндөрү коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында тиешелүү сандагы милиция кызматкерлери тартылат", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

9-апрелге белгиленген 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында өтөт. Ал үчүн учурда шайлоо тилкелеринде 53 комиссия түзүлдү. 8-апрелден баштап аталган жергиликтүү шайлоо кеңештери жайгашкан жерлерде райондук милиция бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Нарындын Чаек, Көк-Ой, Баткендин Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр, Оштун Отуз-Адыр, Кабылан-Көл, Исанов, Кеңеш, Таластын Бакыян, Бейшеке, Шекер жана Чүйдүн Байтик, Кызыл-Дыйкан айылдык кеңештериндеги жалпы 254 депутаттык орунга 470 талапкер ат салышууда. Алардын 164ү аялдар. 254 мандаттын 97си аялдарга берилет.

Боршайком билдиргендей, Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу бул өнөктүк алкагында электрондук добуш берүү ыкмасы колдонулат. Азырынча Баткендеги үч айылда мындай мүмкүнчүлүктөн ошол жерде катталган, бирок шайлоо күнү добушканага бара албагандар пайдалана алат.

Кыргызстанда 453 айылдык кеңеш бар. Депутаттарды беш жылдык мөөнөткө жергиликтүү эл шайлайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG