Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Бишкектеги "Алькони" заводундагы өрт өчүрүлдү


"Алькони" заводунда чыккан өрт. 31-март, 2023-жыл.
"Алькони" заводунда чыккан өрт. 31-март, 2023-жыл.

Бишкектеги жарым фабрикат тамак чыгаруучу "Алькони" заводундагы өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, имараттын болжол менен 3500 м2 аянты күйгөн. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнер сакталып калды.

Өрт 31-мартка караган түнү, саат 03:10до чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
Кырсык болгон жерге беш өрт өчүрүүчү бөлүк тартылып, жыйынтыгында өрт саат 6:00го чукул чектөөгө алынган.

Учурда өрттүн себеби жана кесепети такталып жатат. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.


Акыркы аптада бир нече жерде өрт катталды.

30-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунда да өрт чыгып өчүрүлгөнү кабарланган.

24-март күнү Боом капчыгайындагы талаада өрт чыгып, анын жалыны болжолдуу түрдө 50 гектар аянтты каптаган. Өрт толугу менен саат кечки саат 21:30да өчүрүлүп, кайрадан өрт чыгып кетишин көзөмөлгө алуу максатында нөөмөт уюштурулган. Эртеси күнү кайра тутанган өрт тез эле өчүрүлгөн.(КЕ)

XS
SM
MD
LG