Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Милянфанда жерге байланыштуу коррупциялык схемалар аныкталды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүйдүн Ысык-Ата районунун Милянфан айыл аймагында жер маселелери боюнча коррупциялык схемалар аныкталганын кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган айыл аймагынын кызмат адамдары расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүүгө жана үчүнчү жактарга сатуу максатында өз кишилерине 1 гектар жер тилкесине жеке менчик укугу боюнча күбөлүк берген деп шек саналууда.

Топтолгон материалдар Ысык-Ата районунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Милянфан айыл аймагынын жерге жайгаштыруу боюнча адиси Б.Ю.Я. жана башка кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн (“Кызматтык жасалмачылык”), 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунун (“Алдамчылык”) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жакында Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шек саналып беш киши кармалганын Башкы прокуратура билдирген.

Маалыматка караганда, кылмышка шек саналып Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары, башкармалыктын адиси, райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, аталган кызматтын мурдагы картографы кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG