Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

"Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 110 үй-бүлөгө сертификат берилди


"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы сертификат/
"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы сертификат/

Мамлекет менен "Социалдык келишим" түзгөн 110 үй-бүлөгө 29-мартта 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Аны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев тапшырды. Иш-чара Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында болуп өттү.

"Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сомдук сертификат тапшыруу учуру. Талас. 29-март, 2023-жыл
"Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сомдук сертификат тапшыруу учуру. Талас. 29-март, 2023-жыл

"Социалдык келишим" президенттин демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан тартып, ишке ашырылууда. Былтыр 2800 үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон акча берилген.

"Былтыркы жактырылган бизнес-пландардын 59% айыл чарба (мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, аарычылык, күнөсканалар, канаттуулар чарбасы), 24% тигүү, темир - бетон буюмдарын өндүрүү, терезелерди, эмеректерди даярдоо, самын жасоо тармактарында ишке ашырылган. Алынган каражаттардын дагы 10% коомдук тамактануу, такси, курулуш, сулуулук, автодиагностика, массаж ж.б. кызматтарды көрсөтүү бизнесин ачышкан. Дагы 7% соода тармагында иштешет", - деди министр сөзүндө.

Кудайберген Базарбаевдин айтымында, ар бир "социалдык келишим " орточо беш адамдын жашоо-шартын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Быйыл 10 миң келишим түзүлсө, 50 миңдей адамдын жашоосу жакшырат.

"Социалдык келишим" долбоорунун катышуучусу "Үй-бүлөгө көмөк" же балдардын жөлөк пулунан баш тартат. Үч ай аралыкта жөлөк пул берүү токтотулат. Анын ордуна 100 миң сом сертификат берилет.
Акчаны алган адам аны тиешелүү максатта иштете албай, жашоосу оңолуп кетпесе, мыйзам чегинде үч жылдан кийин кайрадан жөлөк пул алууга өтүнүч берүүгө укуктуу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG