Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:38

"Чет элдик согушкерлер жана эл аралык тынчтык" китебинин бет ачары өтүүдө


"Чет элдик согушчандар жана эл аралык тынчтык" аттуу китептин ачылышы өтүп жатат.
"Чет элдик согушчандар жана эл аралык тынчтык" аттуу китептин ачылышы өтүп жатат.

"Чет элдик согушкерлер жана эл аралык тынчтык" деген китептин ачылышы 28-мартта ЕККУнун Бишкектеги академиясында өтүп жатат.

Китептин автору - Женева шаарында жайгашкан Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова. Англис тилиндеги китеп өткөн айда жарык көрүп, илимий чөйрөдө колдоо тапкан.

Китепте "Ислам мамлекети" жана ага окшош террордук уюмдардын пайда болуу себептери изилденген.

Бул топтун азгырыгына кирип, учурда Сириянын жана Ирактын лагерлеринде жаткан борборазиялыктардын мисалында коомдо радикалдашууга себеп болгон жагдайлар талданган.

Ирактын жана Сириянын лагерлеринде жаткан аялдарды жана алардын балдарын алып келүү, реабилитациялоо иштери кандай жүрүшү керектиги тууралуу сунуштар берилген.

Орозобекованын айтымында, китепти кыргыз, орус тилдерине которуу жана өзгөрүп жаткан жагдайларга байланыштуу экинчи, үчүнчү бөлүктөрүн чыгаруу аракети жүрүп жатат.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Тирүү калган эркектери абакта, ал эми аялдар менен балдар атайын лагерлерде кармалууда.

Кыргызстан 2021-жылы жазында «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 3-18 жаштагы 79 баланы кайтарып алган. Өкмөт алар менен дарыгерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер иштеп жатышканын, документтери бүткөндө туугандарына өткөрүлүп берилерин билдирген.

Быйыл 16-февралда «Айкөл» миссиясы аркылуу Сириядан 18 аял жана 41 бала кайтарылган.(ZKo/ST)

XS
SM
MD
LG