Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

БУУ: Март айында Украинада 159 жай тургун каза болду


Бахмут шаары, Украина.
Бахмут шаары, Украина.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча жогорку комиссаратынын эсебинде, Орусия кол салган 2022-жылы 24-февралынан 2023-жылдын 26-мартына чейин Украинада 8 401 жайкын тургун каза болду, 14 023ү жаракат алды.

Быйыл мартта эле украиналык 159 киши каза болуп, 485 жайкын тургун жарадар болгон.

БУУ каза болгон жайкын тургундардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин, согуш жүрүп жаткан аймактардан маалымат тактоо убакытты талап кылып жатканын билдирди.

"Мариупол (Донецк облусу), Лисичанск, Попасная, Северодонецк (Луганск облусу) сыяктуу аймактардан каза болгон жана жаракат алган жайкын тургундардын саны толук тактала элек", - деп билдирет БУУ.

Жайкын тургундар жарылуучу заттар, оор артиллериянын аткылоосу, зениттик ракеталар, абадан чабуулдардын натыйжасында курман болушкан.

Украинанын Башкы штабы Орусия бир жылдын ичинде беш миңдей ракета чабуулун ишке ашырганын кабарлады. (BCh)

XS
SM
MD
LG