Блогер Афтандил Жоробеков милицияга сурак берип чыкты. Ал муну Инстаграм социалдык баракчасындагы посттору үчүн бийликтин кысымы катары баалады. Анын алдында эркин журналист Ыдырыс Исаков, блогер Улукбек Карыбек уулу да укук коргоо органдарына суракка барган.
Афтандил Жоробеков Инстаграмдагы bespredelkg30 баракчасынын түзүүчүсү Бишкектин Октябрь райондук милициясына суракка 25-март күнү барган.
Блогердин айтымында, аны милиция Кылмыш жаза кодексинин 330-беренеси, тактап айтканда, "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты араздашууну козутуу" боюнча күбө катары суракка алган.
Жоробеков 27-март күнү дагы милиция "тактай турган маалыматтар бар" деп, кайра чакырганын билдирди. Ал буга Инстаграмдагы бийликти сындаган билдирүүлөрү негиз болду деп эсептеп, аны басым катары баалап жатат.
"Чындыкты айткандарды фейктер, мамлекеттик телеканалдар аркылуу "эл бузар, чет элдик тыңчы, Европанын жугундукорлору" деп душман катары жаманатты кылып атканы ачык көрүнүп турат. Президент, УКМК жана башкалары ошол эле өкмөттүк телеканалдарга чыгып алып көрүнгөндү сындап, жаман кылганга уруксат бар экен, ал эми бизге чындыкты айтканга болбойт бекен?"
2021-жылдан бери активист Инстаграмдагы bespredelkg30 баракчасын иштетип келет. Анда ал бийликтин убадалары, элдин башына түшкөн көйгөйлүү маселелер, курулуш тармагындагы кемчиликтер жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын парламенттеги айрым билдирүүлөрү тууралуу постторду чыгарат.
Жоробековдун соңку билдирүүлөрүнүн сабында Бишкектеги ири бизнес-борборду салууда бажыдагы коррупциялык иликтөөлөрдө ысымы аталган Хабибулла Абдукадыр аттуу бизнесмен турганын, президент Жапаровдун Нооруз майрамында Ала-Тоо аянтында сүйлөгөн сөзү, "Асман" шаарынын курулушу жана Тамчы аэропортунун дубалынын урашы тууралуу посттору бар.
Жоробеков аны 330-берене менен суракка алууга макул эместигин кошумчалады:
"Жакырчылык күч алып турганда президент жаңы резиденция куруп, жеке учактар менен эл аралык жолугушууларга барып жүрөт. Жаңы бийлик келгени эч кандай люстрация болгон жок. Заман өзгөрбөй, эл менен элди кагыштырып жатат. Мен мына ушул нерселерди ачык айтканым үчүн суракка чакырып атышат. Бирок буларды ачык айтып турбасак анда кайда барабыз? Мисалы, Кемпир-Абад иштерине байланыштуу канча адам камакта отурганын көрүп атабыз. Демек, азыркы бийлик укук коргоо органдарын, сот системасын толук колго алганынан кабар берет бул".
Блогердин суракка чакыртылышы боюнча милиция комментарий бере элек.
2019-жылы УКМК жарандык активистти "Аймак аралык кастыкты козутту" деген шек менен камаган. Атайын кызмат ага "Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн" деген айып койгон. Жарандык коом активистти бошотууну бийликтен талап кылган. Жоробеков көп өтпөй камактан бошотулуп, иши токтотулган.
Ыдырыс Исаков эки айда эки ирет сурак берди
23-мартта эркин журналист жана блогер Ыдырыс Исаков да Ош шаардык милициясына сурак берип чыкты. Ош шаардык Салык кызматынын инспектору "кадыр-баркыма доо келтирди" деген негизде журналисттин үстүнөн арыз жазган.
"Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургундарынын бири беш сотых жерин ошол инспектор жасалма документ менен өзүнө алып алганын айтып кайрылган. Мен окуянын дайынын билиш үчүн барганда ал салык кызматкери жооп берүүдөн баш тартып, качып кетип жаткан видеосу интернетке тарап, кызуу талкуу жараткан. Окуянын эртеси күнү инспектор өзү кайрадан кайрылып, документ жасалмалоо болбогонун, эч кандай күнөөсү жоктугун, ага карата жөн жерден каралоо болуп жатканын айтып берген, ал видеону биз жарыялаганбыз" , - деп Исаков иштин чоо-жайын түшүндүрдү.
Исаков 5-февралда да сурак берип чыккан. Эки айдын ичинде эки ирет суракка чакыртылган эркин журналист муну укук коргоо органдарынын "тандалма мамилеси" катары сыпаттайт.
"Тергөөчү 10 күндүн ичинде мага карата чечим кабыл алышы керек. Ал иш козгойт же болбосо кыскартат. Бирок мен ага Салык кызматынын инспектору алган документтер, мөөр жасалма экенин айтып бердим. Тергөөчү бирок мага жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу көбүрөк суроо берди. Ал "сиз респонденттин макулдугу менен гана камера жана башка жабдыктарыңызды күйгүзүп интервью алышыңыз керек эле" деп доомат коюп жатат. Ал арада мыйзамда ошондой эле "коомдук кызыкчылык үчүн журналист уруксатсыз эле видео тартууга акылуу" деп жазылган. Мунун кайсы тарабын тергөөчү эске алары азырынча белгисиз. Бир четинен караганда, коррупционерлердин аша чапкандыгынан азыр экономикабыз чөгөлөп турат. Ошого карабай коом аша чаппоону, өзүн өзү чектөөнү коом журналисттерден гана талап кылууда. Эмне үчүн милициядагы, чиновниктер арасындагы коррупцияны, криминалды чектен чыкты дебейбиз, эмне үчүн бирин бири кайталаган структураларды, чиновниктердин армиясын аша чаап кетти дебейбиз? Журналисттер аша чаап, элди касташтырган жери жок. Мен барган чиновниктин документинин баары жасалама, мен муну 100% айта алам. Анан ал адамга мен өтө сылык барышым керек беле? Ушуга окшогон нерсени биз айтпасак коррупция мындан бетер чектен чыгып кетет да".
Журналист анын үстүнөн арыз жазган салык инспекторунун иши тергөөдө экенин, бирок ага өтө гумандуу мамиле болуп жатканын да билдирди.
Ош шаардык милициясы Ыдырыс Исаков күбө катары сурак берип чыкканын ырастады.
Журналисттин жоопкерчилиги
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев эркин журналисттер жана блогерлер да жоопкерчиликти сезип, кимдир бирөөнү каралоодон алыс болушу керек деп эсептейт.
"Активисти да, журналисти да, блогери да бары биригип эле каралоого өттү. Азыр аналитикалык көз караштагы журналисттер жокко эсе. Ошол эле Жоробеков мамлекеттик кызматтагыларды сындап, такталбаган маалыматтарды чыгарып келет. Коомдук пикирди чагылдырам деген адам журналист болушу керек. Негизи эле биз адам укугуна тиешелүү болгон маселелрди бөлүп кароого убакыт келди. Баары эле кыйкырып чыкканы туура эмес. Мыйзам чегинде иретке келтириш керек деп эсептейм. Болбосо сөз эркиндигине такаган учурлар көбөйүп кетти. Туура эмес маалыматтарды бергендери андан көп. Мисалы, мени да каралоолор толтура, алар карикатураларды жасап, жеткен коррупционер, ууру, жегич катары көрсөтүшөт. Бирок аны иш жүзүндө далилдеген эчким жок. Мунун балдарыма, жакындарыма тийгизген терс таасири чоң болуп жатат".
Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков жогоруда айтылган Жоробековду да, Исаковду да суракка чакыртуу биринчи жолу эмес экенин, бул системдүү көрүнүшкө айланып баратканын айтты. Аманбеков өлкөдөгү сөз эркиндигин жоготуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп атканын, бирок бул демократиялуу Кыргызстанга кедергисин тийгизип коерун эскертти.
"Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамды кабыл алуу менен эркин медиаларды жабуу аракети көрүлүп жатат. Экинчиси, журналисттерди, блогерлерди суракка улам чакырып, басым жасоодо. Үчүнчүсү, эркин медиа, эркин журналист, блогерлерге кысым көрсөтүп, аларды "бузуку, батышчыл, буларды өрттөп жоготуш керек, көргөн жерден сабаш керек" деген чакырыктарды айтып, социалдык тармактарда аларды жайылтышууда. Бирок алардын арасындагы бир дагы киши жоопко тартылган жок. Ал эми журналисттердин жана блогерлердин аныктап, бейтарап кылып берген маалыматына карабай улам сурак уюштурганы бир тараптуу болууда".
Кыргыз бийлиги соңку окуяларга карабастан өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин байма-бай кайталап келет.
2020-жылы Садыр Жапаров президенттин милдетине киришкенде журналисттерди коргоого убада берген. Ал “иликтөөчү кабарчылардын өмүрүнө коркунучтар жаралса, керек болсо мамлекет тараптан сакчы берилерин” айткан.
Шайлоодон утуп чыккандан кийинки басма сөз жыйынында сөз эркиндигине жана журналисттердин коопсуздугуна кепилдик берилерин белгилеген. "Сөз эркиндигин коргоого мен өзүм дагы толук ынтызармын. Сөзсүз түрдө мен коргойм. Эгерде сиздерге кандайдыр бир куугунтук болуп жаткан болсо, мен болушамын. Бирок мен сиздерден көптөн-көп суранганым, менин сөзүм болобу же башка саясатчынын, өкмөт мүчөлөрүнүн болобу, сөздөрдү кыркып алып, өзүңөрдүн комментарийиңер менен башка жакка сүйрөбөй, эки тараптуу, калыс маалымат жазып тургула. Ошондо эч кандай куугунтук да болбойт. Кандай десем, сиздерден, журналисттерден да жоопкерчиликтүү болушуңуздарды суранат элем”, – деген президент Жапаров.
Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилейт.