Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

УКМК: Күч кызматкерлери жашыруун кумаркананы калкалап жүрүшкөн


Жалал-Абад. Мыйзамсыз кумаркана аныкталды.
Жалал-Абад. Мыйзамсыз кумаркана аныкталды.

Жалал-Абадда укук тартибин коргоо органдарынын айрым кызматкерлери жашыруун кумаркана иштеткен адамдарды калкалап жүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн 22-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирип, азыркы тапта аларды аныктап, жоопко тартуу аракети көрүлүп жатканын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин (“Мыйзамсыз ишкердик”) негизинде козголгон кылмыш иши алкагында Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан мыйзамсыз оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Алардын бир айлык акча жүгүртүүсү 1 миллион сомдон ашуун экени, бир күндүк кассасынан 200 миң сомдой акча табылганы белгилүү болду.

УКМК 40 компьютер конфискация болгонун, ойноп жаткан 30 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

XS
SM
MD
LG