Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Ош милициясы үч жашар баланын өлүмүн териштирип жатканын маалымдады


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы үч жашар баланын өлүмү боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын билдирди. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдиргендей, окуя Ош шаарындагы Жапалак айылында 19-мартта болгон. Баланын өлүмү милицияда кокустук катары каттоого алынган.

Буга чейин “Балдарды коргоо лигасы” коомдук бирикмесинин башчысы Назгүл Турдубекова үч жашар бала каза болгонун, жакындары анын өлүмүнүн себебин жашырып жатканын Фейсбукка жазган. Ал баланын жакындары анын сөөгүн дароо эле жерге бергенин, милицияга, “Тез жардамга” да кайрылбаганын белгилеген.

Баланын жакындары бул айтылгандар тууралуу комментарий элек. (TAb)

XS
SM
MD
LG