Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Чет өлкөлүктөрдүн жумушка орношуусуна уруксат берүүдөн 156 млн. сом түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылы чет өлкөлүк жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүүдөн түшкөн каражат 156 млн. сомду түздү.

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова 17-мартта парламенттеги "Ишеним" фракциясынын жыйынында маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан 2022-жылы 11 миңден ашуун чет элдиктин иштөөсүнө уруксат берген.

Кыргызстанда иштеп жаткандардын арасында 95 өлкөнүн жарандары бар. Алардын көбү курулуш жана өндүрүш тармагында, дагы бир бөлүгү энергетика, геология, тоо-кен тармагында, соода, коомдук тамактануу жайларында иштейт.

Кыргызстанга акыркы жылдары коңшу Тажикстан, Өзбекстандан эмгек мигранттары келип, айыл чарба, курулуш жана тейлөө тармактарында иштеп жатат. Алардын расмий саны тактала элек.

Мындан тышкары Түркия, Жакынкы Чыгыштын айрым өлкөлөрүнөн келген мигранттар бар. Эмгек квоталары жарандыгы аныкталбаган адамдар үчүн да берилери өкмөттүн буйругунда белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG