Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:41

Словакия Украинага МиГ-29 согуштук учактарын берет


Словакиянын МиГ-29у.
Словакиянын МиГ-29у.

Словакия өкмөтү 17-мартта Украинага советтик үлгүдөгү МиГ-29 согуштук учактарды берүүнү жактырды.

Бул тууралуу премьердин милдетин убактылуу аткаруучу Эдуард Хегер билдирди. Бул Украинага согуштук учак бере турганын расмий ырастаган экинчи өлкө.

Мунун алдында Польшанын президенти Анжей Дуда Киев жакын арада төрт даана МиГ-29 согуштук учагын ала турганын билдирген. Учактар бериле турган дата так айтылган эмес. Ушу тапта Словакиянын 11 МиГ-29 учагы бар. Анын ону Украинага берилсе, бирөө музейге коюлат. Мындан сырткары Киевге тетик катары пайдаланууга дагы үч кыргын салуучу учак, зениттик-ракеталык "Куб" комплекси берилери айтылды.

Словакия МиГ-29дан баш тартып, америкалык F-16 учактарын алууну макулдашты. Ага чейин өлкөнүн аба мейкиндигин коңшу Чехиянын аскер-аба күчтөрүнүн учактары күзөтүп турмакчы.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Словакия менен Польшанын Украинага согуштук учак берүү ниетин "керектен чыккан эски техникалардан арылуу аракети" деп билдирди. Анын айтымында, бул учактар "мөөнөтү өткөндүктөн жок кылынууга тийиш" жана аларды жеткирүү согуш аракеттеринин жүрүшүн өзгөртпөйт.

Словакиянын өкмөтү Орусия менен болгон согушта Украинаны активдүү колдоп келет. Буга чейин бул өлкө Киевге советтик С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин, Zuzana 2 гаубицасын жана башка аскердик техникаларды берген. Ошол эле учурда Словакия өкмөтү отставкага кетип, мөөнөтүнөн мурда шайлоо сентябрь айына белгиленген.

Украин бийлиги Орусия басып киргенден бери Батыштан жаңы үлгүдөгү аскердик техникаларды сурап келет.

МиГ-29 истребителдерин украин куралдуу күчтөрү колдонот. World Air Forces 2022 маалымдамасында көрсөтүлгөндөй, согушка чейин Украинада мындай үлгүдөгү 51 учак бар болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG