Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:41

Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 15-16-мартта Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кезексиз саммитине катышат.

“Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам” деп аталган жыйында табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелери талкууланары кабарланды.

Саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан башчылары катышат. Саммиттин ишине Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын парламентинин (Халк Маслахаты Милли Генгешинин) төрагасы уюмда байкоочу макамында катышат.

"Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат”, - деди Муратбек Азымбакиев.

Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) президенттеринин тогузунчу саммити өткөн жылы ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн эле.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө дагы кайталанган. Зилзаладан 50 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды. Миллиондогон жаран эвакуацияланган, айрымдары чатырларда баш калкалап жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG