Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Орусияда армияга келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакыруу башталат


Орусияда 1-апрелден тарта армияда келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакыруу башталат. Коргоо министрлиги тиешелүү документтерге кол коюшу керек болгон адамдардын санын көрсөткөн буйруктарды аймактарга жөнөттү. Жергиликтүү басылмалар келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакырыла турган аскерлердин жалпы санын жарыялай баштады. Андагы маалыматтарга караганда, Коргоо министрлигинин планы боюнча армияны 400 миң аскерге толуктоо зарыл.

Иштин негизги бөлүгү аскер комиссариаттарына жүктөлүп, пландын аткарылышына губернаторлор жооп берет. Коргоо министрлигинин планына ылайык, Челябинск жана Свердлов облустарында 10 миң, Пермь аймагында 9 миң адам кызмат өтөшү керек.

Ошондой эле шейшембиде Воронеж облусунун тургундарына кайрадан аскер комиссариаттарынан чакыруу кагаздары таратыла баштаганы кабарланды. Мындай көрүнүш былтыр сентябрда президент Путин жарыялаган "жарым-жартылай мобилизациядан" кийин болгон. Облус бийликтери бул "аскердик каттоодо тургундар тууралуу маалыматтарын жаңыртуу үчүн жасалып жатат" деп ырастоодо.

"Вёрстка" басылмасы аскер комиссариаттары орус армиясынын жоготууларынын ордун толтурууга аракет кылып жатканын, алардын катарына зоотолгон машинанын айдоочулары, артиллеристтер кирерин жазды. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мобилизациянын экинчи толкуну боюнча пландарды четке какты.

"Кремлде бул тууралуу талкуу болгон жок", - деди Песков.

  • Январда британиялык The Times гезити Батыштын чалгын кызматтарындагы булактарына таянып, Орусияда мобилизациянын экинчи айлампасы жарыяланышы мүмкүндүгүн, анын алкагында жарым миллионго чейин адам армияга чакырылышы ыктымалдыгын жазган. Кремль муну четке кагып келет.
  • Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылдын сентябрынан бери “жарым-жартылай мобилизациянын” алкагында запастагы 330 миңден ашуун орусиялык аскер кызматына чакырылган. Октябрдын аягында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация аяктаганы тууралуу маалымат берген. Андан кийин Путин да долбоор аяктаганын жарыялап, бирок тиешелүү жарлыкка кол койгон эмес. Муну менен Орусияда расмий мобилизация ишин улантууда.
  • Январь айында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу үч жыл ичинде орусиялык аскерлердин санын бир жарым миллион кишиге жеткирүү максатын билдирген. Алардын дээрлик жарымы келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерлер болушу ыктымал деген божомол бар. Мамлекеттик думага армияга чакыруу жашын жогорулатууну караган мыйзам долбоору киргизилди. Ушу тапта Орусияда 18-27 жаштагылар куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө милдеттүү. Мыйзам кабыл алынса, 2026-жылдан тарта уландар 21 жаштан тартып аскерге алынат, эмки жылдан баштап кызмат өтөөгө жаш курагы 30га чейинкилер чакырылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG