Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Reuters: Кытайдын төрагасы кийинки аптада Москвага барат


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин 2014-жылдагы кездешүүсү.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин 2014-жылдагы кездешүүсү.

Кытайдын президенти Си Цзинпин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуу үчүн мурда күтүлгөндөн эртерээк Москвага барууну пландап жатат. Бул тууралуу Reuters жаңылыктар агенттиги бул маселеден кабары бар булактарга таянып 13-мартта билдирди. Маалыматка ылайык, Си Цзинпин Орусияга келерки аптада сапар алышы мүмкүн.

30-январда Орусиянын ТАСС мамлекеттик жаңылыктар агенттиги Путин Си Цзинпинди жазында Москвага келип кетүүгө чакырганын жазган. The Wall Street Journal басылмасы сапар апрелде же май айынын башында болушу мүмкүндүгүн билдирген. Бээжин да, Москвада Си Цзинпиндин сапары тууралуу комментарий бере элек.

Кытайдын лидери Бээжин Украинадагы согушту токтотуу үчүн өзүнүн тынчтык планын сунуштап жаткан мезгилде Орусияга бара жатат. Кытайдын бул аракети Батышта күмөн саноо менен коштолгон.

Си Цзинпин менен Владимир Путин президент катары баш-аягы 39 ирет көзмө-көз жолуккан. Алар акыркы жолу былтыр сентябрь айында Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканддагы саммитинде кездешкен. Былтыр Путин Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземине катышуу үчүн Бээжинге барып келгенден көп өтпөй Украинага кол салууга буйрук берген.

Дүйшөмбү күнү Кытайда парламенттин жылдык сессиясы жыйынтыкталды. Бир нече күнгө созулган бул сессияда Си Цзинпин үчүнчү жолу коммунисттик Кытайдын мамлекет башчысы болуп шайланды. 70 жаштагы Си өлкөдө Мао Цзэдундун заманынан бери эң узак мөөнөткө бийликте калган жетекчиге айланды.

2018-жылы Кытайда Баш мыйзам өзгөртүлүп, мамлекет башчыга өмүр бою бийликте отурууга жол ачылган. Буга чейин Кытайдын төрагасы эки мөөнөткө гана шайланчу.

XS
SM
MD
LG