Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

Кыргызстандын экономикасы эки айда 6% өстү


Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ички дүң продукту (ИДП) 2023-жылдын январь-февралында 111 миллиардга жакын сомду түзүп, өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 6% өсүш катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети эки айдын баштапкы жыйынтыгын чыгаргандан кийин маалымдады.

Мунун ичинен товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 9,6% жогорулады, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактарда 3,9% өсүү болду.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн ички дүң өнүмү (ИДП) 2023-жылы 3,9%, 2024-жылы 4% өсөт деген жоромолун расмий түрдө жарыялаган. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7%, 2024-жылы 7,2% темп менен жогорулайт деген болжол чыгарган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ИДП соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты. Айрымдар бул эки жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөп кеткен экономиканын фонунда көп көрүнүп жатканын белгилешүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG