Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы анын абалы начарлаганын билдирди


Тенгиз Бөтүрүк. Архивдик сүрөт.
Тенгиз Бөтүрүк. Архивдик сүрөт.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева күйөөсүнүн абалы стресстин айынан начарлап жатканын бүгүн 9-мартта “Фейсбукка” жазды.

Ал Бөлтүрүк кылмыш кылбаганын, актыгын далилдеш үчүн калпты аныктоочу детектордон өтүүгө даяр экенин, ага каршы көрсөтмө берүү үчүн башкаларга басым жасалып жатканын айтып, түнкүсүн күйөөсүнүн дем алуусу улам 1-1,5 мүнөткө токтоп калып жатканын билдирди.

Алпысбаеванын айтымында, Тенгиз Бөлтүрүктү кармап кетишкенде жасабаган күнөөнү моюнуна алдырыш үчүн аны прокуратурада бир нече саат колуна кишен салып кармашкан, ошондон оң билеги шишип кеткенин көргөн.

“Алар дагы эмне кылгысы бар? Басымдын дагы кандай формасын колдонушат? Кыйноо, өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү же ошого жардам берүү, жүрөктүн токтоп калышы, ууландыруу, башка абакка которуп, криминалдын колуна салып берүү, түрмөдө өлтүрүү?”, - дейт Алпысбаева.

Ал күйөөсү саясатчы да, оппозиция да эмес экенин кошумчалап, “Эмне үчүн аны саясий фигурага айландырып жатышат? Кимдир-бирөөнүн жеке өч алуусубу?” деген суроо койду.

Канадалык инвестор “Центерра” менен чогуу башкарып келген Кумтөр алтын кенин Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы алып, аны жетектөө укугу ага чейин канадалык компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келген Тенгиз Бөлтүрүккө берилген. Кийин ага "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин башкаруу укугу да ыйгарылган.

Быйыл 23-январда мурдагы жетекчи абактан ачык кат жолдоп, Кумтөр жана холдинг боюнча толук отчет берүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айткан.

Ага жооп берген “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Бөлтүрүк бул компанияны бир жылдан ашуун башкарып турганын, ага долбоорлорун жана пландарын ишке ашырууга бардык шарт түзүлүп берилгенин, бирок “катуу билдирүүлөрүнөн жана жумушка өтө жогору маянага тыштан шектүү адамдарды тартканынан башка эч кандай реалдуу кадамдар жасалбаганын” билдирген.

Кыргызстандын Эсеп палатасы өткөн айда “Кумтөр Голд Компанини" Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт боюнча жүз барактан турган отчетун жарыялаган. Анда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка коротулган, оңду-солду корогон эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип, тыйынына чейин жазылган.

Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Тенгиз Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп бергенин жазышкан. Ага 1 миллион 45 миң сом короп, бул боюнча отчет берилген эмес.

Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмерекке кеткен. Кеңсе эмерегин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн дээрлик 180 миллион сом коротулган. (RK)

XS
SM
MD
LG