Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Эстониядагы шайлоодо Реформачылар партиясы жеңди


Кая Каллас
Кая Каллас

Эстония парламентине шайлоодо премьер-министр Кая Калластын башкаруучу Реформачылар партиясы жеңди. Дүйшөмбү күнү бюллетендердин 90% жакыны эсептелип бүткөнү, партия атаандаштарынан бир топ алдыга озуп, 30% ашуун добушка ээ болгону маалымдалды.

Партия парламенттеги 101 мандаттын 38ин алууну көздөйт. Азыркы чакырылышта 34 мандатка ээ.

Реформачылардын жеңиши онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы саналгандан кийин белгилүү болду. Ага чейин оңчул популисттик EKRE (Эстониянын консервативдик элдик партиясы) алдыда турган.

Парламентке дагы үч партия өткөнү белгилүү болду. Күтүлгөндөй эле Реформачылар партиясы жетектеген башкаруучу коалиция түзүлөт, ага кайсы партиялар кириши азырынча белгисиз. Бирок Украинаны колдоо саясаты улана берери күтүлүүдө.

Бир палаталуу мыйзам чыгаруу органындагы 101 орун үчүн тогуз партиянын 968 талапкери жана бир нече көз карандысыз талапкер ат салышты.

XS
SM
MD
LG