Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Азербайжандын жана Тоолуу Карабактын өкүлдөрү жолугушту


Азербайжандын аскерлери Лачин коридорунда. Декабрь, 2022-жыл
Азербайжандын аскерлери Лачин коридорунда. Декабрь, 2022-жыл

1-мартта Азербайжандын делегациясы негизинен этникалык армяндар байырлаган Тоолуу Карабактын өкүлдөрү менен жолугушуп, аймакты коңшу Армения менен туташтырган Лачин коридорун кайра ачуу тууралуу маселелерди талкуулады.

Евробиримдиктин атайын чабарманы Тойво Клаар тараптардын кездешүүсүн үмүт жаратуучу деп сыпаттады.

“Учурдагы маселелерден тышкары кеңири көйгөйлөрдүн талкууланганы жакшы жышаана”, - деп жазды дипломат Твиттерге.

Тоолуу Карабактагы "Арцах" маалымат агенттиги жолугушуунун катышуучулары "аймакта чыңалууну басаңдатуу жана бейпилдикти орнотуу максатында мындан аркы кызматташуу тууралуу макулдашууга жетишкенин" билдирди.

Азербайжандын мамлекеттик маалымат каражаттары кездешүүдө “Карабактын Азербайжанга интеграциясы” талкууланганын билдирди. Сүйлөшүүлөр Орусиянын тынчтык орнотуу контингентинин Карабактагы кеңсесинде өттү.

Лачин коридору жикчил аймакты Армения менен байланаштырган жападан жалгыз жол. Ал декабрдын ортосунда жабылып, Тоолуу Карабактагы гуманитардык кырдаал начарлап кеткен. Коридорго жүк ташуучу машинелердин кирип-чыгышын көзөмөлдөө тартиби талашка түшкөн. Карабактын өкүлдөрү “Азаттыктын” армян редакциясына рентген сканерлерин орнотуу маселесин талкуулоого даяр экенин, бирок ал ишти орусиялык бейпилдик күчтөрү көзөмөлдөшү керектигин айтышкан.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG