Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Баткен: Үй курган жумушчулар маянасын ала албай жатканы айтылды


Баткен. Курулушу бүткөн үйлөрдүн бири.
Баткен. Курулушу бүткөн үйлөрдүн бири.

Баткендин былтыркы чек ара окуясында талкаланган айылдарында калыбына келтирүү иштерин аткарган айрым жумушчулар маянасын ала албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн 2-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев айтып, өкмөткө кайрылды:

“Мага жарандар кайрылып жатышат. 2022-жылы октябрь, декабрь, ноябрь айларында Баткендеги Ак-Сай айылында талкаланган үйлөрдү кайра курууда иштеген балдар бүгүнкүгө чейин айлык акысын ала албай жатыптыр. Ушуну териштирип бериңиз”.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын таштап качууга мажбур болгон.

Бийлик Баткенде жаңы 420 үйдү эки-үч айда куруп берүүнү убада кылган.

Бирок Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги бул иштер февралдын аягына, жазга калганын билдирген.

Соңку маалымат боюнча, 332 үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү.

Баткенди калыбына келтирүү иштерин "Аманат Курулуш Инвест" ишканасы жүргүзүп жатат. Ал компания ар бир үйдү келишимдин негизинде 3 миллион 315 миң сомго куруп жатканы белгилүү болгон. Былтыр декабрдын этегинде Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар курулуш иштери кечигип жатканын айтып, аны жүргүзгөн компаниянын ишин сындап чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG