Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Орусия согушка палестиналыктарды да жалдап жатышы мүмкүн


"ЧВК Вагнер” менчик аскер компаниясынын согушкерлери. Украина, февраль, 2023-жыл
"ЧВК Вагнер” менчик аскер компаниясынын согушкерлери. Украина, февраль, 2023-жыл

Орусия Украинага каршы согушка жаш палестиналыктарды жалдап жатат. Бул тууралуу The Media Line басылмасы Ливандын атайын кызматындагы булактарга шилтеме менен жазды. Басылма менен маектешкен булактын айтымында, палестиналыктар орусиялык кайсы бир уюмдардан 350 доллар алып келет, жалдоо иштери менен Палестин автономиясынын Ливандагы элчилиги алектенет.

Андан тышкары "жалдоо иштерине ливандык “Хезболла” радикал уюму да катышууда, алар учкучсуз учактарды башкарууну билген, шаарларда партизандык согуш жүргүзүү тажрыйбасы бар адамдарды издеп жатышат" деп жазат басылма.

The Media Line маалымдагандай, Орусия азыркыга чейин 300дөй палестиналыкты майданга жиберди, дагы 100 чактысы даярданууда.

Басылманын билдирүүсүндө, Орусиядагы “ЧВК Вагнер” менчик аскер компаниясы сириялыктарды да согушка жалдап жүрөт.

Вагнерчилердин катарында борбор азиялык жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар да согушуп жүргөнү кабарланып келет.

XS
SM
MD
LG