Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

Орусиянын беш аймагында учкучсуз учактар кулады


Коломнада ушул өндүү дрон кулап түштү
Коломнада ушул өндүү дрон кулап түштү

Москва облусунун Коломна районунда учкучсуз учак кулап түштү. Бир нече Телеграм-канал кыйраган дрондун сүрөттөрүн жарыялады. Подмосковьенин губернатору Андрей Воробьёв маалыматты ырастады. Анын айтымында, аппарат жарандык объектини бутага алууну максат кылган, жабыркагандар же кыйроолор жок. Телеграм-каналдар дрон “Газпромдун” газ компрессорунун жанына кулаганын жазышты.

Бир суткада Орусиянын беш аймагында кыйраган учкучсуз учактар тууралуу маалымдалды. Белгород облусунда үч дрондун калдыктары аныкталганын, дагы бирөө турак жайдын терезесине учуп киргенин жергиликтүү бийлик билдирди. Брянскинин үстүндө бир дрон атып түшүрүлдү. Адыгея жумуриятында “учуучу жабдыктын” сыныктары табылды. Дрон ошондой эле Краснодар крайындагы мунай базасынын аймагында аныкталды. Ал жерде өрт тутанган. Кийинчерээк Орусиянын Коргоо министрлиги Краснодар жана Адыгеядагы дрондук чабуулдарды бышыктады. Жабыркагандар жок деп кабарланды.

Шейшембиде ошондой эле Петербургдун аба мейкиндиги “асмандагы белгисиз жабдыктан” улам жабылганы маалымдалган. Бирок министрлик аны “абадан коргонуу күчтөрүнун машыгуусу” катары түшүндүрдү.

Орусия дрондорду бутага алуунун артында Украина турарын айтууда, Киев муну комментарийлеген жок.

XS
SM
MD
LG