Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Милиция Бишкекте өзүн өрттөгөн жаран тууралуу маалымат берди


ИИМдин имараты.
ИИМдин имараты.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы өзүн өрттөгөн жарандын окуясын териштире баштаганын билдирди.

28-февралда саат 15:50дө райондук милицияга маалымат түшүп, ыкчам-тергөө тобу Шопоков-Киев көчөлөрүнүн кесилишкен жерине барганда бир киши өзүнө өрт койгону аныкталган.

Милициянын маалыматына караганда, окуя болгон жерге “Тез жардам” чакырылып, жаран шаардагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Фактыны райондук милиция каттоого алган.

Саламаттык сактоо министрлиги анын денесинин 80% күйүп калганын, абалы оор экенин "Азаттыкка" маалымдады. Ал 1979-жылы туулган үй-жайсыз киши экени белгилүү болду.

Социалдык тармактын колдонуучулары ал кишинин өзүн өрттөгөнү тартылган сүрөт-видеолорду иштернетке жарыялашкан. Анда жарандар өрттү өчүрүп, аны куткарып жатканын көрүүгө болот. (TAb)

XS
SM
MD
LG