Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Кулубаев Кыргызстан уникалдуу демократиясы бар өлкөгө айланганын айтты


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен. Астана.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен. Астана.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Вашингтон Бишкектин негизги тышкы өнөктөшү бойдон кала берет деп билдирди.

Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Астанада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен расмий кездешүү алдында министр Кулубаев Вашингтонго 30 жылдан бери берип жаткан көмөк үчүн ыраазычылыгын билдирип, жардам Кыргызстанда демократия курууга салым кошконун, анын аркасы менен өлкөдө күчтүү жарандык коом түптөлгөнүн, адам укуктары жана эркиндиктер корголгонун, эл аралык коомчулук тааныган шайлоолор өтүп жатканын белгиледи.

Кулубаевдин айтымында, Кыргызстан уникалдуу демократиясы бар өлкөгө айланды.

Өз кезегинде Блинкен Кыргызстан менен акыркы 30 жылда курулган өнөктөштүккө сыймыктанарын, АКШ өлкөнүн суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн, көз карансыздыгын колдой турганын, демократиялык баалулуктарды, экономикалык гүлдөп-өсүүнү, регионалдык байланыштарды алга жылдыруу жана орток коркунучтарга туруштук берүү үчүн кызматташтыкты өрчүтүүгө ишенерин билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти былтыр күзүндө кыргыз өкмөтүнүн "Азаттык Медианын" сайтын бөгөттөгөн чечимин айыптап, бул демократиялык аралча аталган мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрөрүн эскерткен.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, министр Кулубаевдин мамлекеттик катчы Блинкен менен жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы мамилелердин келечектүү багыттары жана быйылкы жылга карата биргелешкен кызматташуу пландары талкууланды.

Жолугушуу 28-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында «Борбор Азия+АКШ» жыйынынын алкагында өттү.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Вашингтон жаңы келишимге кол коюуга даяр экенин айтса, Бишкек талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бардыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG