Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Депутат Ататүрк паркынын калган жерин сактап калууга чакырды


Ататүрк паркындагы кыйылган дарактар. 2011-жыл.
Ататүрк паркындагы кыйылган дарактар. 2011-жыл.

Бишкектеги Ататүрк паркынын жери боюнча маселе 28-февралда шаардык кеңештин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда козголду. Депутат Гүлнара Сатыбалдиева мэрияны парктын чек арасын тактоо иштерин жыйынтыктоого чакырды:

“Ататүрк паркынын чек арасын тактап, бекитип салбайсыңарбы сактап калыш үчүн. Эч болбогондо калганын сактап калуу керек деп ойлойм”.

Мэриянын өкүлдөрү шаардагы бардык парктардын жерин аныктоо, аларды жакшыртуу боюнча иш жүрүп жатканын айтышты.

Ататүрк паркынын бактарын кыюу уланып, кабат үйлөр курулат деген коркунуч бар экенин 22-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айтып чыккан. Ал парктын чек арасы алигүнчө аныктала электигин белгилеп, маселеге президенттин көңүлүн бурдуруу зарылдыгын айткан.

Совет мезгилинде Достук деп аталып келген бул парк азыр да шаардагы бак-дарак жыш отургузулган эс алуу жайларынын бири.

Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин анын аймагы кандайча тарып, андан 181 жер тилкеси кантип жеке колдорго өтүп кеткен жагдайды иликтеп чыгышкан. Бул иликтөө коомчулукта кызуу талкуу жараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG