Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

"Навальный" тасмасы АКШнын продюсерлер гилдиясынын сыйлыгын алды


 Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Канадалык режисер Дэниэл Роэр тарткан "Навальный" аттуу даректүү тасма Американын продюсерлер гилдиясынын (Producers Guild of America, PGA) "мыкты даректүү тасма" категориясында жеңүүчү болду.

Гилдиянын расмий Твиттер баракчасында тасмага "мыкты продюсерлик" үчүн сыйлык берилгени жазылган.

Буга чейин "Навальный" тасмасы Британиянын BAFTA киноакадемиясынын сыйлыгына татыган. Тасма "Оскар" сыйлыгынын кыска тизмесине да кирди. Жыйынтыгы 12-мартта белгилүү болот.

Даректүү тасманын бет ачары 2022-жылы январь айында болгон. Анда 2020-жылы орусиялык оппозиционердин уулануусу, Германиядагы дарылануусу, өз башынан өткөндөрдү иликтөөгө жасаган аракети жана Москвада камакка алынганы тартылган.

Тасмага Алексей Навальный өзү, жакындары жана Коррупция менен күрөшүү фонду, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн Bellingcat уюмунун жетекчиси Христо Грозев тартылган. Аны Американын CNN телеканалы жана Британиянын BBC Two телеканалдарынан көрсөтүшкөн. HBO Max сервисине да коюлган. Орусияда тасма көрсөтүлгөн эмес.

Кремлдин кескин сынчысы катары таанылган Навальныйды сот "Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон" деп тапкан. Кийин ага сотту кемсинтүү иши кошулган.

Навальный учурда Владимир облусундагы Мелехово шаарчасында күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат. (BCh)

XS
SM
MD
LG