Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Түрк элчиси зилзаладан улам жардам чогултуу уланып жатканын билдирди


Ахмет Садык Доган.
Ахмет Садык Доган.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган 27-февралда маалымат жыйын куруп, зилзаладан жабыр тарткандарга жардам чогултуу уланып жатканын билдирди. Ал кыргызстандыктардын жардамы тууралуу маалымат берди, Түркиядагы апаатта колдоо көрсөткөнү үчүн кыргыз элине, президентке жана өкмөткө ыраазычылык айтты.

Элчинин билдирүүсүндө, Түркияда азыркыга чейин 173 миң имараттын ураганы аныкталган, курулуштун сапаты боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.

"Имараттардын сапаты жөнүндө Түркия прокуратурасына тапшырма берилген, кармалгандар болуп жатат. Соттолгондордун ичинде курулушчулар, бир мэрия башчысы жана инфраструктура тармагында иштегендер бар", - деди Доган.

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин 102 өлкө жардам сунуштап, 90 мамлекеттен куткаруучулар, медициналык кызматкерлер барган.

Кыргызстандык куткаруучу топ урандылар алдынан 8 кишини тирүү куткарып, 198 кишинин сөөгүн алып чыккан. ӨКМ тарабынан 127 боз үй, 2 кийиз контейнер жана жети стандарттык палата жөнөтүлгөн. Ички иштер министрлиги 500 матрас, 500 төшөнчү мүшөк (спальный мешок), 100 жылыткыч жана 1000 жууркан жиберилген.

Мындан тышкары, элчилик каржылык жана жардамдын башка түрлөрүн кабыл аларын жарыялаган. Анын натыйжасында Түркияга кыргызстандыктардан жалпы 50 тоннадан ашык жардам жөнөтүлгөн.

Кыргыз өкмөтү жардам үчүн өзүнчө эсеп ачкан, мамлекеттик мекемелер бир күндүк эмгек акысын жардам иретинде которушкан. Ал эми элчилик ачкан эсепке 992 миң 869 доллар жана 1418 евро чогултулган. Жардам бергендердин арасында коомдук мекемелер, компаниялар, жай тургундар, окуу жайлар бар.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 47 миңге чамалады, жараат алгандар 115 миңдин тегерегинде.

Жер титирөө 20-февралдын кечинде да кайталанып, анда да каза тапкандар, жаракат алгандар катталды.(NbA)

XS
SM
MD
LG