Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Баткенде 332 үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү


Баткендеги куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн ордуна курулган жаңы үйлөр. Баткен району. 25-февраль, 2023-жыл
Баткендеги куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн ордуна курулган жаңы үйлөр. Баткен району. 25-февраль, 2023-жыл

Былтыр 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыйраган, өрттөнгөн 418 үйдүн ичинен 332 үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-февралда Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында жаңы курулган үйлөрдүн сапаты менен таанышты.

Акылбек Жапаров Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай жана Ак-Сай айылдарында, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында, Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында жаңыдан курулган үйлөргө барды.

Министрлер кабинетинин төрагасы жергиликтүү эл менен жолугушууда чек араны күчтөндүрүүгө аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

"Баткенде тынчтык болмоюнча, Баткен өнүкмөйүнчө – баарыбыздын ишибиз, аракетибиз ушул жерде болот. Тынчтыкта жашайм десең, ар дайым бардык нерсеге даяр бол дейт. Армиябызды, чек арабызды күчтөндүрөбүз. Кирем дегендердин мизин кайтарууга кудуретибиз жетет. Бардык жаңы техника келген”, - деди.

Ал үйлөрдүн баары бүтөрү менен жол салып, таза суу, электр энергиясын тартып, көчөнү көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында кыйраган үйлөрдү кайрадан курууга 33 курулуш мекемеси тартылып, жалпысынан 2000ге жакын курулушчу иштеп жатат.

Калган 86 үй март айында толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилмекчи.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тарткан. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG