Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:30

Январда Өзбекстан 1,18 миллиард долларга алтын сатты


Быйыл январда Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү былтыркы ушул мезгилге салыштырганда 42 % же бир жарым млрд. долларга өсүп, 5,04 млрд. долларды түздү.

Бул тууралуу өлкөнүн Cтатистика агенттигинин докладында айтылат. Маалыматка ылайык, экспорт 45,1%, импорт 39,1 % өстү. Тышкы сооданын таңсыктыгы былтыркы январга салыштырмалуу дээрлик 50% жогору болду.

Январда кошуна өлкө 1,18 млрд. долларга алтын сатты. Бул 2021-жылдын январына караганда эки эсе көп.

Экспорттун жарымынан көбү (дээрлик 57%) алтынга туура келет. Ал эми өнөр жай товарларынын үлүшү кыскарган.

Орусия Өзбекстандын негизги соода өнөктөшү бойдон кала берүүдө. Ал өлкөгө экспорт былтыркыга караганда 20% жогорулады. Кытайга болсо экспорт азайып жатат.

Жыл башында Ташкент Германиядан алты учак алып, ал өлкө да негизги соода өнөктөштөрдүн катарына кирип калды.

Казакстанга экспорт 8%, Түркияга 11%, Кыргызстанга 17,1% азайган.

XS
SM
MD
LG