Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Путин Орусия өзөктүк куралды өнүктүрө турганын билдирди


Орусиялык «Сармат» континент аралык ракетасы. Архивдик сүрөт
Орусиялык «Сармат» континент аралык ракетасы. Архивдик сүрөт

Орусиянын президенти Владимир Путин Мекенди коргоо күнүнө арналган куттуктоосунда өлкө 2023-жылы өзөктү куралды өнүктүрөрүн билдирди. Путиндин видеокайрылуусу Кремлдин сайтында жарык көрдү.

Орус лидери куралдуу күчтөр «Сармат» ракета комплекси менен камсыздалганын, дагы бир нече алдыңкы оор курал өндүрүлөрүн, флот үч атомдук крейсер менен толуктарын убада кылды.

21-февралда Федералдык кеңешке жасаган кайрылуусунда Путин стратегиялык күчтөргө көп көңүл бурганы менен бир күн мурда континент аралык «Сармат» баллистикалык ракета учурулганын сөз кылган эмес. CNN телеканалы өз булактарына таянып, АКШ президенти Жо Байдендин Киевге сапары маалында өткөрүлгөн сыноо ийгиликсиз аяктаганын кабарлады.

Шаршембиде Орусиянын Мамлекеттик Думасы АКШ менен өзөктүк куралды чектөө боюнча келишимди токтотуу тууралуу Путиндин мыйзам долбоорун колдоду.

СНВ-3 деген ат менен белгилүү стратегиялык куралдарды чектөө келишимине 2010-жылы АКШ менен Орусия кол коюшкан.

Документ өзөктүк дүрмөттөрдүн санын чектейт, өлкөлөргө стратегиялык өзөктүк куралды өз аймагынан тышкары жайгаштырууга тыюу салат. Чалгындоодо өзөктүк ракеталарды жашырбоого жана тараптарды маалымат алмашууну камсыздоого милдеттендирет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Путиндин чечимин “өкүнүчтүү жана жоопкерчиликсиз” деп атады.

XS
SM
MD
LG