Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Аялдар тагдырына арналган көргөзмө ачылды


"12" көргөзмөсүн "Эсимде" изилдөө аянтчасы уюштурду.
"12" көргөзмөсүн "Эсимде" изилдөө аянтчасы уюштурду.

Бишкекте кыргыз айымынын нукура образын ачып берүүгө арналган көргөзмө өтүүдө. “Эсимде” изилдөө аянтчысы уюштурган көргөзмө “12” деп аталат.

Уюштуруучулардын айтымында, анда кызыктуу тагдырды башынан өткөргөн манасчы, изилдөөчү, сүрөтчү, айкелчи, теле алып баруучу, спортчу, саясатчы, судья жана режиссер айымдар тууралуу баяндалат.

“Көргөзмө Кыргызстандын жашоодогу өз жолун издеп, шектенип, ката кетирип, ошого карабастан алдыга умтулуп, кандай гана тоскоолдук болбосун, кыялын орундатууга аракет кылган бардык кыздарына арналат. 12 айымдын образы – күчтүү, өзүнүн пикири жана көз карашы бар, сүйүүсүнө, келечегине умтулгандар” деп айтылат “Эсимденин” маалыматында.

Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде 26-мартка чейин өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG