Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Депутат Аматов уруксатсыз курулган кабат үйлөргө мунапыс бербөөгө чакырды


Рысбай Аматов.
Рысбай Аматов.

Уруксатсыз курулган кабат үйлөрдү мыйзамдаштыруу демилгесине каршы пикирин билдирген шаар депутаты Рысбай Аматов Шаардык кеңешти бул маселе боюнча принципиалдуу позициясын билдирүүгө чакырды.

Шаардык парламенттин Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын 22-февралдагы отурумунда борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар маселеси талкууланып жатканда ал талаштуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу өнөктүгү буга чейин да болгонун, бирок анда бир кабат жеке үйлөргө документ берилгенин, ал эми кабат үйлөр коммерциялык багыттагы маселе экенин белгиледи:

“Анын ичинде канча деген адам жашайт! Андай үйлөргө мунапыс берүү коркунучтуу нерсе да. Кийин башкалар да жерди басып алып, эч кандай уруксат кагазы жок кабат үй салып, кийин мунапыс кылып алам деп үйлөрдү сатып, качып кете бербейби анда. Биз, шаардык кеңеш, саясий органбыз. Кайрылат элем, ушул сөздөрдү токтотсок. “Жер кодексинде” мыйзамдаштыруу деген сөз да, түшүнүк да жок. Бөлүп берүү, долбоорлоо деген бар. Ал эми мунапыс деген ооздон чыкпашы керек. Кабат үйлөргө мунапыс деген сөз болбошу керек. Бул принципиалдуу маселе".

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан кабат үйлөрдүн саны 87, алардын 34ү Бишкекте экени 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалым болгон. Мамлекеттик архитектура, курулуш департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу аларга мунапыс жарыялоо пландалып жатканын, ар бир үй текшерилерин, уруксат ошонун негизинде берилерин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG