Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Владимир Путин Федералдык кеңешке кайрылуу жасоодо


Иш чарага депутаттардан тышкары кремлчил коомчулуктун өкүлдөрү катышууда. 21-февраль, 2023-жыл.
Иш чарага депутаттардан тышкары кремлчил коомчулуктун өкүлдөрү катышууда. 21-февраль, 2023-жыл.

Орусиянын Украинага басып киргенинин бир жылдыган утурлай президент Владимир Путин Федералдык кеңешке кайрылуу жасап жатат. Иш чарага депутаттардан тышкары кремлчил коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

“Радио Свобода” бийлик “чет өлкөлүк агент” деп атаган маалымат каражаттары чакырылбаганын жазды. Сөзүнүн башында орус президенти “өлкө үчүн кыйын кезде” кайрылып жатканын айтып, Батышты жана Киевди “калп”, “колониализм”, “неолиберал тоталитардык баалулуктар” үчүн айыптады.

“Биз алар баштаган согушту токтотууга аракеттенип жатабыз”, - деп айтты Путин.

Байкоочулар орус мамлекет башчысы буга чейин да ушундай сөздөрдү айтып келгенин белгилешет. Мунун алдында Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кайрылуу негизинен урушка арналарын айткан. Туура бир жыл илгери Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынында Украинанын өздөрүн “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп атаган жикчил аймактарын таануу чечими кабыл алынган. Үч күндөн кийин Орусия жок жерден кошуна мамлекетке басып кирген.

Өлкө Конституциясында президенти жыл сайын парламентке кайрылуу жасаш керек деп жазылганы менен былтыр Путин андай кылган эмес. 22-февралда Федералдык кеңештин кош жыйыны өтүп, Москвада Путиндин катышуусунда чоң концерт уюштурулат деп күтүлүүдө.

Шейшембиде учурда Польшада жүргөн АКШ президенти Жо Байден маанилүү билдирүү жасамакчы. Алдынкы күнү америкалык лидер күтүүсүздөн Киевге барып, украин элине колдоосун билдирди.

XS
SM
MD
LG