Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Аба ырайы: күн жылуу болот


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратып, 21-22-февралга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош, Суусамыр-Талас-Тараз, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Ош-Сары-Таш-Эркештам жана Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү ыктымалдыгын эскертти. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

22-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -4…+1 градус болот.

22-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° градусту түзөт.

XS
SM
MD
LG