Кыргызстандын алты президенти бир жерге чогулганы белгилүү болду. Бул кабар кыргызстандыктардын ар кандай реакциясын жаратты.
Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирүүгө эл-жердин ынтымагын ойлогону менен түшүндүрдү. "Султан сөөгүн кордобойт" деген президент мындай демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары колдогонун Фейсбук баракчасына жазды.
"Көөдөнгө тынчтык бербеген асыл ойду акыры ишке ашырууга бел байлап, соңку тарыхыбызда журт башына келген президенттердин башын бириктирип, бир ортого чогулттум. Кыргыз наркын жасап, алдыларына аш тарттым. Уй мүйүз тарта отура улут келечеги үчүн мурдагы журт башчылары өткөндөрүн сууга салышып, бир муштумга биригүү демилгемди колдоп беришти. Албетте, биринин артынан бири келген мурдагы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышты. Көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүштү. Кетирген кемчиликтерин моюндарына алышты. Эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишти. Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым - ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле".
Президент Жапаров мурдагы өлкө башчыларынын ар биринин тушунда болгон каргашалуу окуяларды санап, элдин буга байланыштуу нааразылыгына түшүнүү менен карай турганын белгилеген.
"Ооба, жалпы элибиздин көзү менен караганда, алардын ар биринин жүргүзгөн саясатында алешемдик кетип, арты кайгылуу окуялар менен коштолду, кан төгүүлөр болуп кетти. Акаев учурундагы Аксы окуясы, Бакиевдин учурундагы Апрель окуясы, Убактылуу Өкмөт учурундагы Июнь каргашасы, Жээнбеков учурундагы Октябрь окуясы, андагы Үмүт аттуу жайнап турган жапжаш жигиттин каза болгону, тилекке каршы, кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Ошентип канчалаган кырчындай кыргыз жаштарынан - уулдарыбыздан айрылдык. Алардын жакындары менен туугандарынын нааразылыктарын сезип турам".
Бул маалымат чыккандан кийин мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасы аркылуу жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышканын билдирди.
"Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өттү", - деди Султанбаев.
"Азаттыктын" ишенимдүү булактары жолугушуу Дубайда өткөнүн билдирди.
Садыр Жапаровдун бул билдирүүсүн социалдык медианын колдонуучуларынын айрымдары сындаса, айрымдары кубаттады.
Алсак саясий серепчи Руслан Акматбек мамлекет башчы качып кеткен, кылган күнөөсүн азыркыга чейин түшүнбөй жүргөн президенттердин ордуна кыргыздын талаалап кеткен билимдүү уул-кыздарын чогултса болмок деп жазды.
"Өз элине кыянаттык кылып, качып кеткен, дале болсо кыянаттыгын түшүнбөй жүргөн президенттерди чогулткандын ордуна, талаалап кеткен билимдүү, көкүрөгүндө мекен күйүтү бар, дүйнө таанымы кенен уул-кыздарын чогултуп, "Кыргызстанды кантип өнүктүрөбүз?" деп суроо койсо дурус болмок. Ошолорду жанагы техниканын ордуна аянтка тизип, өлкө башкаруусуна алып келиш керек болчу. Тиги президенттер жашоосун уланта берет. Өлкөбүзгө пайда-батасы деле жок".
Жарандык активист Нурсултан Акылбек болсо президенттерди кечирип же кечирбөөнү эл чечиши керектигин белгиледи.
Жарандык активист Айбек Теңизбаев бул кабар чыгары менен видео аркылуу кайрылуу жасады. Ал билдирүүсүндө Кыргызстандын азыркы кейиштүү абалына ким жооп берет деп суроо салды. Кечирүү эмес, жоопко тартуу керек болчу деди.
Ал эми саясатчы Каныбек Иманалиев кечиримдүү болуу жакшы сапат экенин белгиледи.
Саясатчы Эмил Каптагаев кечиримдүүлүк жакшы сапат экенин белгилеп, бирок кечиримдүүлүк жагы кандай болуп калат деп суроо салды.
"Президент Жапаров эң чоң сооп иш жасаптыр, араздашкан пенделерди жараштыруунун сообу көп экенин ар бир мусулман жакшы билет, "араздашкан эки кишини жараштырып койуу орозо, намаз жана садага берүүдөн да өйдө турган амал" - делет эмеспи Хадистерде. Албетте бул окуя жалпы консолидацияга жол ачат, өбөлгө түзөт, президенттин бул багыттагы аракети колдоого арзыйт, анткени өлкө үчүн ички биримдиктен, өз ара ынтымактан жогорку дөөлөт жок. Бирок ошол пенделердин ич ара келишкени, бири-бирин кечиришкени алардын ЭЛ алдындагы жоопкерчилигин, МАМЛЕКЕТ алдындагы жоопкерчилигин, ошол ЭЛди, ошол МАМЛЕКЕТти түзүп турган АДАМ алдындагы жоопкерчилигин жокко чыгара албайт да, маселенин бул жагы кандай болот?".
Жарандык активист Айбек Турдаалы президент айкөлдүк менен мыйзамдуулукту аралаштырып алса керек деген пикирде:
"Президенттин бүгүнкү билдирүүсүнө жана жасаган кадамына тарых өз баасын берет. Эгер кечиримдүүлүк боюнча сөз кыла турган болсок, анда биринчи кезекте Аксы, 24-март, 7-апрель, июнь, 6-октябрь окуяларында жабыркагандардын жакындарынан жана ошол мезгил аралыгында бийликте болгондордон азап-тозок көргөндөр, жалпы эл кечирсе анда башка кеп. Менин жеке пикиримде президент айкөлдүк менен мыйзамдуулукту аралаштырып алса керек. Атамбаевден башкасы сыртта качып жүргөндөрү эле болбосо, эч кимиси мыйзамдуу жазасын алышкан жок. Демек бул да болсо, тигил же бул президенттин тарапташтарынын нааразычылыгын жаратпай койбойт. Эмнеси болсо да элибизге тынчтык, бейкутчулук, ынтымак каалайм".
Эрлан Аскаров аттуу Фейсбук колдонуучу Кыргызстанды сазга батырган адамдарга кечирим берилип, бирок социалдык медиага пост жазган карапайым адамдардын камалып атканын сынга алды.
"Бүгүн президент С. Жапаров кечиримдүү бололу дейт. Мамлекетти өз менчигиндей каалагандай калчап тоногон, миллиондогон туугандарыбызды мигрант кылып тентиткен, ондогон жарандарыбыздын канын төккөн адамдарды жазасыз калтыралыбы? Анда эмнеге күнөөсүз, бир адамга зыяны тийбеген, мамлекеттен бир тыйын албаган, болгону соцтармактарга пост, өз оюн айткан мекендештерибиз камакта отурушу керек? Президент Садыр Жапаровдо чоң мүмкүнчүлүк менен кошо эбегейсиз жоопкерчилик турат. Ал бир гана өлкөнүн экономикасы же бүгүнкү чек ара көйгөйүн чечүү эмес, ал коомубузда кандай баалуулуктардын калыптанышына шарт түзүү керектиги. Эгер мындай жол менен кете берсек чындык сүйлөгөн, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн, абийир менен намысты бийик койгон адам калбайт".
Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат. Азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдон мурда Кыргызстанды Аскар Акаев (1991 - 2005), Курманбек Бакиев (2005- 2010), Роза Отунбаева (2010 - 2011), Алмазбек Атамбаев (2011 - 2017), Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) жетектеген.
- Аскар Акаев - Кыргызстандын тунгуч президенти. Бийлик бийик сересине СССР урап, доор алмашып жаткан кезде чыккан. Физик-окумуштуу Аскар Акаев президенттик бийликке Михаил Горбачев башында турган расмий Москванын жана Чыңгыз Айтматовдун колдоосу менен күтүүсүздөн келгени айтылып да, жазылып да келет. Буга биринчи баскычта президенттикке талапкерлер Апсамат Масалиевдин, Апас Жумагуловдун, Жумгалбек Аманбаевдин жетиштүү добуш албай калышы, Чыңгыз Айтматовдун сунуштан баш тартышы себеп болгон. Кезинде жаш окумуштуу, демократ атыккан туңгуч президент Кыргызстанды 14 жыл башкарган. Кыргыз оппозициясы жана анын артында турган масса Акаевди бийликти менчиктеп, үй-бүлөлүк башкарууну орнотуп, мамлекетке кыянатчылык кылды деп күнөөлөгөн. Тынымсыз Конституциялык реформалар (беш жолку), референдумдар (эки жолку) жана алар аркылуу бийлигинин бекемделип жүрүп отурушу буга негиз болуп берген. Жубайы Майрам Акаеванын мамлекеттик ишмерлер арасында көмүскө таасиринин күчөшү, кызы Бермет, уулу Айдар баштаган жакын туугандары менен санаалаштарынын саясатка батыл аралаша башташы элде каршылык маанайды күчөткөн. Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл Ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери Орусияда баш калкалап келет. Ушул жылдын январь айында ага карата козголгон кылмыш иштери кыскарганы белгилүү болгон. Башкы прокуратура муну кылмыш иштеринин мөөнөтү өтүп кеткени менен түшүндүргөн. Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган. Мурдагы президент акыркы эки жылда көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке бир нече ирет келип кеткен.
- Курманбек Бакиев - "Акаевдин каталарын кайталабайм" деген ант менен тактыга отурган Курманбек Бакиев эки жолу шайланган, бирок күч менен кулатылган экинчи президент. 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келген. Анын жылдары мамлекеттик башкарууну үй-бүлөлүк башкарууга айырбаштаган, кылмыш чөйрөсү менен коюн-колтук алышкан, Март ыңкылабынын жеңиштерин уурдаган, "кан төккөн президент" деген жаманатты менен элдин эсинде калды. Апрель окуясында 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. Расмий Бишкек аны экстрадициялоо тууралуу бир нече ирет Минскиге кайрылып, андан майнап чыккан эмес. Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кан төгүлгөн окуяга байланыштуу коюлган.
- Роза Отунбаева - Кыргызстандын үчүнчү президенти. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1992-жылы Роза Отунбаева Бишкекке кайтып, тышкы саясат боюнча вице-премьер-министр, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы биринчи элчиси болгон. 1994-97-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри, андан кийин Британияда элчи болгон. 2005-жылы Март революциясында оппозициянын алдында жүргөн. Парламент тышкы иштер министри кызматына өткөзбөй койгондон кийин социал-демократиялык партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2009-жылы Бакиевге каршы көтөрүлгөн оппозициялык күчтөрдүн башында туруп, 7-апрелде президент качып кеткенден кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеген. Отунбаеванын Убактылуу өкмөтү жүздөгөн кишинин өмүрүн алган, миңдеген кишилерди жабыркаткан Ош, Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек коогалаңын, жеңилген саясий күчтөрдүн ачык жана көшөгө артындагы каршылыктарын башынан кечирген. Бир жыл өлкөнү башкарып, 2011-жылы 1-декабрда Баш мыйзамга ылайык президенттикти өткөрүп берген.
- Алмазбек Атамбаев - Кыргызстандын төртүнчү президенти. Өзүнөн мурунку үч президент сыяктуу эле жогорку билимди Орусияда алган. Ага чейин эки жолу премьер-министр, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон. Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка 2010-жылкы кандуу Апрель, Июнь окуяларынын илеби кайтып, коомдук-саясий кырдаал салыштырмалуу турукташып калган кезде, 2011-жылдын аягында жаңы Конституциянын негизинде шайланып келди. Президенттик жарыштарга үч ирет катышкан. Акаевдин, Бакиевдин заманында кыска мөөнөттөргө министр, премьер-министр кызматтарын аркалаган. 2017-жылы бийликти Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген. Инаугурацияда "Соке досум баштаган ишибизди аягына чыгарат" деп айткан. 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча камалган. Ал ушул жылдын 14-февралында абактан бошотулуп, 15-февралда дарылануу үчүн Дубай аркылуу Испанияга учуп кеткен.
- Сооронбай Жээнбеков - Кыргызстандын бешинчи президенти. 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган. КСДПнын башатында тургандардын бири. 1995-жылдан баштап Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, төрага орун басары, комитет төрагасы болгон. Апрель ыңкылабынан кийин Ош облусуна элдик губернатор болуп, андан кийин расмий дайындалган. 2015-жылдын декабрынан баштап беш ай ичинде үч кызмат которуп, өкмөт башчылыкка келген. Жээнбековдун үч жылдык башкаруусунда бийликке бажыдагы коррупция менен күрөшө албаганы үчүн бир катар сындар айтылган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин нааразылык акциясы өткөн. Ал тополоң, бийлик алмаштыруу менен аяктап, Жээнбеков жаңы парламенттик шайлоо өткөрүп, андан кийин кете турганы кабарланган. Бирок көп өтпөй эле президенттик кызматын тапшырып, анын ордуна абактан чыккан Садыр Жапаров өлкөнү башкарып калган. Жээнбековдун тарапташтары учурда ал Бишкекте экенин айтып келишет.