Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Орусияда блогер жана мурдагы футболчу Савинге 50 миң рубль айып салынды


Евгений Савин
Евгений Савин

Орусиялык спорт блогери, мурдагы футболчу Евгений Савин "орус армиясын жаманатты кылган" деп 50 миң рубль айыпка жыгылганын "Интерфакс" кабарлады.

Былтыр Орусиядан чыгып кеткен Савин сот отурумуна катышкан жок.

Ага орус армиясын каралады деп административдик иш козголгону январда белгилүү болгон.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Савин согушка каршы тасма тартып, YouTube каналына жарыялаган. Анда украин футболчулары орус баскынчылыгы башталгандан берки башынан өткөргөн окуялары тууралуу айтып берет.

Видео чыккандан кийин Савинге таандык футбол клубга Красногорск шаарындагы стадиондо машыгууга тыюу салынган. Демөөрчүлөр клубду каржылоодон баш тарткан. Савин команданы колдоо максатын көздөп өзүнүн батирин сатканы айтылган.

Май айында 38 жаштагы Савин Орусиядан чыгып, командасын Кипрде каттоодон өткөргөн.

XS
SM
MD
LG