Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Түркия: зилзаладан 11 күн өткөндө дагы эки киши аман табылды


Куткаруучулар.
Куткаруучулар.

43 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөөдөн 11 күн өткөндөн кийин Түркиядагы уранды астынан дагы эки киши аман табылды.

Мамлекеттик маалымат каражаттары 17-февралда кабарлашкандай, Хатай провинциясынын борбору Антакия шаарында 14 жаштагы Осман Халебие менен 34 жаштагы Мустафа Авжы куткарылды.

6-февралда Түркия менен Сириядагы катуу зилзалада он миңдеген турак жай кыйрады. Каза болгондордун көбү Түркияда. Жараат алгандар 100 миңден ашат. Миллиондогон киши гуманитардык жардамга муктаж.

Ондогон мамлекеттерден Түркияга барган куткаруучулардын айрымдары мекенине кайтып кете баштады. Адатта адистер 48 сааттан кийин тирүү калгандарды алып чыгуу ыктымалдыгы азаярын белгилешет.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган куткаруу операциясына жалпысынан 250 миңдей киши тартылганын айткан.

Кыргызстандан Түркияга барган куткаруучулар Кахраманмараш шаарында иштеп, беш кишини аман табышкан. Алар куткаруу иштерин мындан ары улантуу үчүн 16-февралда Хатай провинциясына кетишкен. Бир бөлүгү мекенге кайтканы 17-февралда кабарланды.

XS
SM
MD
LG