Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

Европарламент грузин бийлигин Саакашвилини бошотууга чакырды


Саакашвилини колдоо акциясындагы сүрөт.
Саакашвилини колдоо акциясындагы сүрөт.

Шаршембиде Европарламент "Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин абалы жөнүндө" резолюцияны жактырды.

Анда грузин бийлигин саясатчыны бошотууга жана анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүүгө чакырган. Бул тууралуу "Азаттыктын" грузин редакциясы билдирди.

Жакында Тбилиси соту Саакашвилини абактан бошотуудан баш тарткан. Алты жылга соттолгон Грузиянын мурдагы президенти Тбилисидеги жеке клиникалардын биринде дарыланып жатат.

Жактоочулар анын саламаттыгы тездик менен начарлап баратканын айтышууда. Саакашвили өзү уулануунун курмандыгы болгонун билдирген. Грузин бийликтери муну четке кагууда.

Европарламент Грузиянын мурдагы премьер-министри, өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири, бизнесмен Бидзина Иванишвилиге каршы санкцияларды киргизүү тууралуу түзөтүүнү дагы жактырды. Түзөтүүдө Иванишвили Саакашвилини жеке өч алуу үчүн куугунтуктоо артында турган олигарх деп аталат.

Резолюцияга 577 депутат добуш берип, 33ү каршы чыкты. Иванишвилиге каршы санкция киргизүүнү 362 депутат колдоп, 121и каршы болду.

Украинанын жарандыгын алган Грузиянын мурдагы президенти 2021-жылы күзүндө өлкөгө кайтып келгенден кийин Тбилисиде камакка алынган. Ага чейин ал сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчыга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлган. Өзү муну саясий куугунтук деп атап келет.

Былтыр жыл аягында саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу ал камактан ооруканага которулган. Саясатчынын өзү жана анын тарапташтары абалынын начарлашына уулануу себеп болушу мүмкүн деп божомолдошот. Грузин бийлиги буга эч кандай далил жоктугун айтып келет.

Январдын башында Грузияда жана 20дан ашык өлкөдө Саакашвилини колдогон пикеттер өткөн. Катышуучулар аны бошотуп, Евробиримдиктин аймагына барып дарыланууга уруксат берүүнү талап кылышкан. Айрым активисттер Грузиянын азыркы бийлигин "Саакашвилинин жок кылууга аракет кылып жатат" деп айыпташкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG