Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:35

Түркия менен Сириядагы зилзалада набыт болгондор 40 миңден ашты


Tүркияда кыйрап калган үйлөр. Февраль, 2023-жыл.
Tүркияда кыйрап калган үйлөр. Февраль, 2023-жыл.

Түркияда апаатта 35 миңден ашуун киши набыт болгонун өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган шейшембинин кечинде айтты. Курмандыктар 1939-жылы болгон катуу жер титирөөдөн ашып, Түркиянын жаңы тарыхындагы эң чоң апаат болуп калды.

Сирияда 6-фералда болгон жер титирөөдөн жана андан кийинки силкинүүлөрдөн өлгөндөрдүн саны 5800дөн ашты. Согуштун каарын тарткан өлкөдө гуманитардык кырдаал оор. Улуттар Уюму эки өлкөдө жалпысынан 7 миллиондой бала жабыр тартканын билдирди.

ЮНИСЕФтин басма сөз катчысы Жеймс Элдер:

“Сириянын түндүк-батышында ансыз деле чукул кырдаал өкүм сүрүп, холера илдетинен, ызгаардуу кыштан жана жаңжалдан жабыркаган төрт миллион киши гуманитардык жардам алчу”, - деди Женевада өткөн жыйында.

Түркиянын ишкерлер конфедерациясы табыгый апааттын чыгымын 84 миллиард доллардан ашат деп баалады. Президент Эрдоган куткаруу операциясына жалпысынан 250 миңдей киши тартылганын билдирди. Уранды алдынан аман калгандарды табуу үмүтү күн өткөн сайын азайып баратат. Кыргызстандык 200 куткаруучу жана алты дарыгер дагы апааттын алгачкы күнүнөн тартып куткаруу операциясына тартылган. Бишкектен 80 боз үй алып барып, зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарынын стадионуна тигип беришти.

XS
SM
MD
LG