Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Аргентинада көз жаргысы келген кош бойлуу орусиялык келиндер көбөйдү


Ушул тушта Аргентинага күнүгө ай-күнүнө жетип, төрөтүнө аз калган ондогон орусиялык келин келип жатат. Иллюстрациялык сүрөт.
Ушул тушта Аргентинага күнүгө ай-күнүнө жетип, төрөтүнө аз калган ондогон орусиялык келин келип жатат. Иллюстрациялык сүрөт.

Аргентинанын бийлиги соңку айларда беш миңден ашык орусиялык кош бойлуу келин бул өлкөгө келгенин билдирди. Өлкөнүн Миграциялык агенттигинин башчысы Флоренсия Кариньяно алар турист катары виза алганы менен башкы максаты балдарына Аргентинанын паспортун, өздөрүнө бул өлкөдө жашоого уруксат алуу экенин айтты.

Флоренсия Кариньянонун маалымдашынча, кош бойлуу орусиялык келиндердин келиши 2022-жылдын август айынан тартып кескин көбөйгөн. Ушул тушта күнүгө ай-күнүнө жетип, төрөтүнө аз калган ондогон орусиялык келин келип жатат.

Мындан улам Аргентина бийлиги кош бойлуу келиндерди жапырт алып келүү менен алектенген агенттиктерге байланыштуу иликтөө баштады жана миграциялык талапты бузгандарга чара көрүлөрүн билдирди.

Аргентинада төрөлгөн балдарга дароо бул өлкөнүн паспорту берилет жана анын ата-энесине бул мамлекетте жашоого уруксат, андан соң жарандык алууга жол ачылат.

Аргентинанын паспорту менен 171 өлкөгө, анын ичинде Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге визасыз барса болот. Ошондой эле АКШнын 10 жылдык визасын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

XS
SM
MD
LG