Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Пентагон: Кытай дүйнөнү чалгындоо үчүн шарларды колдонот


АКШнын үстүндөгү шар.
АКШнын үстүндөгү шар.

АКШнын чалгын кызматы "Кытай аба шарларын дүйнөнү чалгындоо максатында дайыма колдонот" деген тыянакка келишкенин Пентагондун расмий өкүлү Патрик Райдер билдирди.

Анын белгилешинче, мындай шарлар Борбордук жана Латын Америкасынын, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын, Европанын үстүндө байкалган. Райдер Кытайда шарларды колдонуунун масштабдуу программасы бар деген божомолун айтты.

New York Times адистерге таянып, шарлар чалгындоо спутниктерине караганда айрым артыкчылыктарга ээ экенин жазды. Алар жер бетине жакыныраак, аларды радар менен аныктоо кыйыныраак деп мүнөздөлөт.

Айрым иликтөөлөргө караганда, Кытайдын Улуттук технологиялык коргонуу университети шарларды чалгындоо жана башка максаттарда колдонууга байланыштуу изилдөө жүргүзүүдө.

Америкалык дипломаттар шарлардын башка мамлекеттердин үстүндө учушун аба мейкиндигин бузуу деп санашат.

Февралдын башында АКШ өз аба мейкиндигинде бир нече күндөн бери учуп жүргөн Кытайдын шектүү аба шарын акыры атып түшүргөн. Бээжин Американын бул кадамына нааразы болгон. Кошмо Штаттар үч автобустун көлөмүндөй болгон бул учуучу шарды тыңчы деп мүнөздөгөн. Кытай мындай айыптоону четке кагып, бул учуучу аппаратты аскердик эмес, жарандык максатта гана колдонулуучу, аба ырайына байкоо салуучу шар деп атап, ал кокустан гана багытын буруп кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG