Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:39

Токторбаев: министрлик Кыштуттагы ГЭСтен электр энергиясын сатып алат


Кыштут айылы, архивдик сүрөт.
Кыштут айылы, архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев 7-февралда парламенттин тармактык комитетинде Энергетика министрлиги Баткен облусуна караштуу Кыштут айылындагы чакан ГЭСтен чыккан электр энергиясын сатып аларын билдирди.

Буга чейин Кыштутта чакан ГЭС курган ишкер өкмөттөн колдоо болбой, электр жарыгын сатып албай жатканына даттанган эле.

Долбоорго инвестиция салган ишкер Бактыяр Калпаев биринчи агрегаттан айылдагы аз камсыз болгон он үй-бүлөгө, чакан ГЭС толук кубаттуулукта иштей баштаганда айылдагы 200 кожолукка электр энергиясы акысыз берилерин билдирген.

Прламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитети 7-февралдагы жыйынында "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын талкуулап жатат.

Энергетика министрлиги 2021-жылы чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууну ниет кылган 20 компанияга күбөлүк берген. Буга чейин министрлик өкмөт өз күчү менен Бала-Саруу ГЭСин кура баштаганын, мындан тышкары Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планы бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG