Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Фейктер боюнча мыйзам сөз эркиндигине каршы иштеп жатканы белгиленип, аны өзгөртүү сунушталды


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» мыйзамын өзгөртүү, ага өзгөртүүлөр киргизилгенче сайттарды бөгөттөөгө мораторий киргизүү сунушу бүгүн 7-январда Бишкекте өткөн “тегерек стол” талкуусунда айтылды. “Кыргыз Республикасындагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын практикалык колдонулушу” деген темада өткөн талкууга парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Гуля Кожокулова, Элмурза Сатыбалдиев, Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев, Чыңгыз Айдарбеков иштеп чыккан мыйзам долбоорун кабыл алуу сунушталды. Эгер ал мыйзам кабыл алынса «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» мыйзамы өзгөртүлөт.

“Фейктер жөнүндө” деген атка конгон бул мыйзам сунушталып, кабыл алынгандан бери бир топ талкуу, сын жаратып келе жатат.

Мыйзамды өзгөртүүнү сунуш кылгандар ал азыркы мазмунунда фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын белгилешти.

Бүгүнкү талкуунун резолюциясында сот органдарына аталган мыйзамга байланыштуу иштерди кароодо Конституцияга жана күнөөсүздүк презумциясына таянууга, мамлекеттик органдарды административдик чечим чыгып жаткан адамдын мыйзам бузуусун далилдөөгө милдеттендирүү сунушу айтылды.

Жыйындын катышуучулары “Азаттык” радиосунун айланасындагы соңку жагдай боюнча да пикирин билдирип, аны жабууга көрүлүп жаткан аракеттердин мыйзамсыздыгын белгилешти. Анын толук иштөөсүнө шарт түзүүгө чакырышты.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылы кабыл алынган. Ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болушкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Бул мыйзамга ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлат.

Жогорку Кеңештин жогоруда аталган депутаттары бул мыйзам “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” деген негизде аны өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышканы былтыр сентябрда белгилүү болгон.

Бул мыйзамдын негизинде былтыркы жылдын октябрь айынан бери «Азаттыктын» сайты бөгөттөлүп турат, мындан тышкары аны жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу аракети көрүлүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG