Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:45

Зилзала кесепети: Түркия менен Сирияда каза болгондор 4 миңге чамалады


Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук жана түштөн кийин күчү 7 баллдан ашкан эки жер титирөө болду.
Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук жана түштөн кийин күчү 7 баллдан ашкан эки жер титирөө болду.

Соңку маалыматтарга ылайык, Түркияда катуу жер титирөөнүн айынан мерт болгондордун саны 2900дөн ашып, 16 миңге чукул адам жараат алды. Коңшу Сирияда дагы көз жумгандардын саны миңден ашып, дагы жүздөгөн киши жабыркады.

Расмий Анкаранын билдиришинче, 3000дей имарат, турак жай кыйрады. Урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери уланууда жана мындан улам курман болгондордун саны дагы өсүшү ыктымал.

Эл аралык медиалар НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар жана расмий Бишкек 60тан ашык адамдан турган куткаруучу топ жөнөттү.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды.

Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет. Акыркы акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.

Бул өлкөдө эң катуу жер титирөө 1999-жылы 17-августта Дүзже аймагында болгон жана кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган.

XS
SM
MD
LG