Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:36

Сооронбай Жээнбеков тууралуу комментарий жазган адамга 100 миң сом айыппул салынды


Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Жогорку соту интернеттеги социалдык түйүндө мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун атын атап комментарий жазган адамга 100 миң сом айыппул салганын өкүмдү күчүндө калтырды.

Кыргызстандын аймактарынын биринин өкүлдөрүнө, анын ичинде Сооронбай Жээнбековго карата мазактаган мүнөздөгү комментарий 2020-жылдын апрель айында Instagram социалдык түйүнүнө жарыяланган. Улуттук илимдер академиясы жүргүзгөн филологиялык-политологиялык экспертизанын натыйжасында ал комментарийде “аймак аралык кастыкка алып келиши ыктымал болгон чакырыктардын белгилери бар” деген бүтүм чыккан.

Териштирүү учурунда айыпталуучу эч кандай максат көздөбөгөнүн, балким, эмоцияга алдырып жазып алганын айткан.

Ишти караган алгачкы соттук инстанция – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны айыптуу деп таап, айып салган.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти кызматына алты жылдык мөөнөткө 2017-жылдын 15-октябрында шайланган, бирок туура үч жылдан соң парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан кийин ордун бошоткон.

XS
SM
MD
LG