Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Австрия төрт орус дипломатын өлкөдөн чыгарат


Орусиянын Австриядагы элчилиги.
Орусиянын Австриядагы элчилиги.

Австрия орусиялык төрт дипломатты персона нон-грата деп жарыялаганын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Твиттерде жарыялады. Алардын экөө БУУнун Венадагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрү, дагы экөө Орусиянын элчилигинин кызматкерлери.

Австриянын Тышкы иштер министрлиги алар "дипломатияга туура келбеген аракеттерди жасаганын" жана 8-февралдан кечикпей өлкөдөн чыгып кетиши керектигин билдирди.

Kurier басылмасы орус дипломаттары тыңчылыкка шектелип жатканын жазды.

Австрия былтыр апрелде Венадагы орус элчилигинин үч кызматкерин жана Зальцбургдагы башкы консулдуктун бир дипломатын Орусияга кайра жөнөткөн. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги буга жооп кылып Австрия элчилигинин төрт кызматкерин чыгарган.

Орусия Украинага басып киргенден бери АКШ жана Европа мамлекеттери 200дөн ашуун орус дипломаттарын мекенине кайтарды. Алардын жүрүм-туруму “коопсуздукка чараларына каршы келгени” деп айтылган. Орусия да ушундай жооп кайтарган.

XS
SM
MD
LG