26-январда Татарстандын парламенти бир жарым саатка жетпеген убакта автономдуу республиканын Конституциясына кирчү өзгөртүүлөрдү үч окууда тең жактырды. Эң башкысы жумурияттын лидери президент деген кызматтан баш тартат.
Былтыр декабрдын этегинде депутаттар Татарстандын азыркы лидери Рустам Минниханов президенттик кызматты 2025-жылы бийликтеги мөөнөтү бүткүчө сактап калары тууралуу чечим кабыл алган. Ага карабай жакынкы арада жумурияттын лидери «Татарстан Республикасынын башчысы - раис» деп аталмакчы. Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр Минниханов кол коёру менен күчүнө кирет.
Автономдук республикалардын президенттерин "башчы" дегенге алмаштырууну былтыр Орусиянын Федералдык кеңеши бекитип, президент Владимир Путин кол койгон. Ага ылайык, Орусиянын курамына кирген жумурияттардын лидерлери президенттик кызматтан баш тартып, аймактык парламенттер мыйзам чыгаруудагы өз алдынчалыгын жоготкон.
Былтыр октябрда Татарстандын парламенти биринчи жолу андай өзгөртүүлөр автономдуу республиканын Конституциясына шек келтирет деген негизде баш тарткан.
Декабрда Минниханов Москва сунуштаган өзгөртүүлөрдү колдой турганын, ага каршы болуу Украинада "атайын операция" жүрүп жатканда Орусия Федерациясынын биримдигине залакасын тийгизет деп түшүндүргөн.