Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Казакстанда атайын кызматтын эки офицери кыйноо көрсөткөнү үчүн камалды


Казакстанда кыйноого каршы жүрүштүн катышуучулары көтөргөн плакат. 13-февраль, 2022-жыл.
Казакстанда кыйноого каршы жүрүштүн катышуучулары көтөргөн плакат. 13-февраль, 2022-жыл.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (КНБ) эки кызматкери СИЗОдо кармалгандарга кордук көрсөткөнү үчүн алардын туугандарынын арызы менен кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

25-январда Астананын райондор аралык соту атайын кызматтын подполковниги Еркин Аманов менен майор Хамит Абдугалини жана Чек ара кызматынын дагы бир кызматкери Кайрат Сартайды эки айга камады. Тергөөнүн башка маалыматтары коомчулукка белгисиз.

Астанадагы атайын кызматтын тергөө абагында отургандардын туугандары КНБнын жогоруда аты аталган кызматкерлери жыл бою алардын жакындарын кыйнашканын айтып, арыз жазган.

"Биздин туугандар 2021-жылдын 10-мартында Семейдеги кенден алтын уурдаган деген шек менен кармалган. Коопсуздук комитетинин СИЗОсунда "атайын жертөлө" - көрсөтмө берүүдөн баш тарткандарды кыйнай турган камералар бар экен. Ишти бурмалоо үчүн аларды тогуз ай кармап, бири-бирине көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан. Мунун баары Астанадагы СИЗОдо болгон, КНБ аларды кыйнаган, ИИМ билгени менен унчуккан эмес. Мыйзамдуулукка көз салган орган – Өскемендин прокуратурасы эч нерсе билбегендей түр көрсөткөн", - деди кармалгандарын биринин жакыны Куралай Өмүрбаева.

Кыйноо көргөндөрдүн туугандары былтыр февралда жакындары менен жолуккандан кийин бардык тиешелүү тараптарга арызданышкан. Ага чейин карантинден улам СИЗОдогу жакындарына кире алышкан эмес.

Былтыр 29-мартта кыйноо фактысы менен кылмыш иши козголгон. Бирок 10 айдан бери экспертизалардын жыйынтыгына жана күбөлөргө карабай ишти созуп келишкен.

"Аларды жырткычтардай эле кыйнашкан. Ооздоруна суу кайнаткычты салып, аны токко туташтырышкан. Желим союлдар, таяктар менен койгулап, мартта муздак суудан жаба куюп, ошол бойдон көчөгө алып чыгышкан. 20 сааттай эч бир кыймылдатпай тургузуп коюшкан, кыймылдаганын эле сабашкан. Бир нече суткалап уктатышкан эмес. Алар эч нерсени айырмалай албай калганда көрсөтмөлөргө кол койдурушкан. Арасында кабыргалары сынып, согончоктору талкаланган, кулагынын тарсылдагы жарылып кеткендер бар. Айрымдарынын мээси чайкалып, омурткасы жабыркаган. 46 киши кыйноого кабылса, алардын 32и уурулукка шектелген биздин балдар", - деди Куралай Өмүрбаева.

Астананын СИЗОсундагы кыйноо тууралуу маалыматтар тарагандан кийин атайын кызматтын аты аталган офицерлери же алардын адвокаттары комментарий бере жок.

Казакстанда кыйноо фактысына байланыштуу иштердин көбү сотко жетпей токтоп калат.

XS
SM
MD
LG