Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:35

Каржы пирамидасына байланыштуу 765 иш сотко өттү


Өткөн жылы каржы пирамидасына байланыштуу 1052 кылмыш иши тергелип, алардын ичинен 765 иш сотко өттү.

Калгандары боюнча тергөө жүрүп жатат. Каржы пирамидасынан жабыркагандардын саны 1000 кишиден ашат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Маалыматка ылайык, жалпы чыгым 273 миллион сом болгон. Анын ичинен 4 млн. 812 миң сом өндүрүлгөн. Милиция жарандарды акчаларын күмөндүү каржы уюмдарына салбоого чакырды.

Кыргызстанда каржы пирамидаларына акчаларын алдатып, сызга отуруп калган жарандар арбын.

Милиция элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин кабарлап келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG